Жаңы саны

2023, №: 8

Кененирээк

Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана

Макала
Авторлор
  1. Равшанбекова М.Р., Омурзак уулу Э.
  2. Равшанбекова М.Р., Омурзак уулу Э.
  3. М. Ravshanbekova, Omurzak uulu E.
Макаланын аты
  1. ПОЛУЧЕНИЕ БИОПЛАСТИКА, СОДЕРЖАЩЕГО НАНОЧАСТИЦЫ И ИЗУЧЕНИЕ ЕГО АНТИБАКТЕРИАЛЬНЫХ СВОЙСТВ
  2. НАНОБӨЛҮКЧӨЛӨРДҮ КАМТЫГАН БИОПЛАСТИК АЛУУ ЖАНА АНЫН АНТИБАКТЕРИАЛДЫК КАСИЕТИН ИЗИЛДӨӨ
  3. OBTAINING BIOPLASTIC CONTAINING NANOPARTICLES AND STUDYING ITS ANTIBACTERIAL PROPERTIES
Аннотация
  1. Для синтеза наночастиц был использован один из видов метода физический синтез – метод импульсной плазмы в жидкости. Для синтеза наночастиц оксида металла использовался стержень из меди (Cu) чистотой 99,99%, наименьший размер синтезированных наночастиц металлической меди составлял 20 нм, а наибольший размер – 1000 нм. Синтез проводили при температурах 200С, 400С, 600С, при комнатной температуре 200С, в среде дистиллированной воды 59% Cu и ее одновалентного оксида Cu2O 40%, при 600С 51% Cu, 48% Cu2O, при 800С синтезировано 53% Cu и 40% Cu2O. Для фиксации синтезированных наночастиц на материале, их размещения и обеспечения их пригодности для использования в области медицины был изготовлен специальный материал – пластик. Но для того, чтобы этот пластик отличался от традиционного пластика и практически не оказывал негативного воздействия на человека и окружающую среду, необходимо было производить биопластик вместо традиционного пластика. Крахмал – в качестве сырья для получения биопластика использовали картофельный крахмал, желатин и агар. Согласно наблюдениям, наилучшую эластичность и прочность сначала имели агаровые биопластики, затем крахмальные и желатиновые биопластики. Для проверки антибактериальных свойств использовали бактерии Shigella, Escherichia coli и Staphylococcus. Наилучший антибактериальный эффект наблюдался у крахмального биопластика, максимальный диаметр зоны лизиса в отношении бактерии стафилококка составил Dмакс = 12 мм, для бактерии Escherichia coli Dмакс = 8 мм, для бактерии Shigella Dмакс = 1 мм. Следующие относительно хорошие результаты наблюдались у агарового биопластика. На основании полученных результатов подтверждено, что металлическая Си обладает антибактериальными свойствами, и рассмотрены направления использования этого вещества в области медицины.
  2. Нанобөлүкчөлөрдү синтездөө үчүн физикалык синтездөө методдорунун бир түрү – суюктукта импульстук плазма методу колдонулду. Металл кычкыл нанобөлүкчөлөрүн синтездөө үчүн 99,99 % тазалыгындагы жез (Cu) таякчасы колдонулду, синтезделген жез металл нанобөлүкчөлөрүнүн эң кичинекей өлчөмү 20 нм, ал эми эң чоңу 1000 нм өлчөмүн көрсөттү. Синтездөө 200С, 400С, 600С температуралык маанилеринде жүргүзүлдү, бөлмө температурасында 200Сде, дистирленген суу чөйрөсүндө Сu 59% жана анын бир валенттүү оксиди Cu2O 40%, 600Сде Сu 51%, Cu2O 48%, 800Сде Сu 53%, ал эми Cu2O 40% синтезделди. Синтезделген нанобөлүкчөлөрдү материалга бекитүү, жайгаштыруу жана медицина тармагында колдонууга ыңгайлуу болуусун камсыздоо үчүн атайын материал – пластик жасалды. Бирок бул пластик салттуу пластмассадан айырмалуу болуп, адам баласына жана экологияга тийгизген терс таасири төмөн же такыр болбоосу үчүн, салттуу пластик эмес, биопластик жасоо талапка ылайык болду. Биопластикти алуу үчүн баштапкы сырье катары крахмал – картошка крахмалы, желатин жана агар колдонулду. Байкоолор боюнча, мыкты чоюлчаактык жана бекемдүүлүк биринчи агар биопластигине, андан кийин крахмал жана желатин биопластиктерине таандык болду. Антибактериалдык касиетти текшерүү үчүн, Shigella, Еscherichia coli жана Staphylococcus бактериялары менен иш алып барылды. Эң жакшы антибактериалдык эффект крахмал биопластигинде байкалды, Staphylococcus бактериясына каршы лизис зонасынын максималдуу диаметри Dмакс = 12 мм, Еscherichia coli бактериясы үчүн Dмакс = 8 мм, ал эми Shigella бактериясы үчүн Dмакс = 1 мм ди түздү. Андан кийинки салыштырмалуу жакшы көрсөткүч агар биопластигинде байкалды. Алынган жыйынтыктардын негизинде, Cu металлынын антибактериалдык касиетке ээ болгондугу тастыкталып, аталган затты медицина тармагында колдонууга берүү багыты каралды.
  3. For the synthesis of nanoparticles, one of the types of physical synthesis methods was used – the method of pulsed plasma in liquid. For the synthesis of metal oxide nanoparticles, a copper (Cu) rod with a purity of 99.99% was used, the smallest size of the synthesized metallic copper nanoparticles was 20 nm, and the largest size was 1000 nm. The synthesis was carried out at temperatures of 200С, 400С, 600С, at room temperature of 200С, in the medium of distilled water 59% Cu and its monovalent oxide Cu2O 40%, at 600С 51% Cu, 48% Cu2O., 53% Cu and 40% Cu2O are synthesized at 800С. To fix the synthesized nanoparticles on the material, place them and ensure their suitability for use in the field of medicine, a special material – plastic. But in order for this plastic to differ from traditional plastic and practically not have a negative impact on people and the environment, it was necessary to produce bioplastic instead of traditional plastic. Starch - potato starch, gelatin and agar were used as raw materials for the production of bioplastics. According to my observations, agar bioplastics have the best elasticity and strength, followed by starch and gelatin bioplastics. Shigella, Escherichia coli and Staphylococcus bacteria were used to check the antibacterial properties. The best antibacterial effect was observed in starch bioplastic, the maximum diameter of the zone of lysis in relation to staphylococcus bacteria was Dmax = 12 mm, for Escherichia coli bacteria Dmax = 8 mm, for Shigella bacteria Dmax = 1 mm. The following relatively good results were observed in agar bioplastics. On the basis of the obtained results, it is confirmed that metallic Cu has antibacterial properties, and the directions of use of this substance in the field of medicine are considered.
Негизги сөздөр
  1. медь, оксид меди, наночастицы, бактерии, пластик, биопластик, антибактериальный эффект.
  2. жез, жез оксиди, нанобөлүкчө, бактерия, пластик, биопластик, антибактериалдык эффект.
  3. copper, copper oxide, nanoparticles, bacteria, plastic, bioplastic, antibacterial effect.
Авторлор жөнүндө маалымат
  1. Равшанбекова Мээримгуль Равшанбековна, Кыргызско-Турецкий университет «Манас», г.Бишкек, Кыргызская Республика, магистрант. Омурзак уулу Э., Кыргызско-Турецкий университет «Манас», г.Бишкек, Кыргызская Республика, и.о. доцента.
  2. Равшанбекова Мээримгүл Равшанбековна, КыргызТүрк «Манас» университети, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, магистрант. Омурзак уулу Э., Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, доценттин м.а.
  3. Meer৻mgul Ravshanbekova, Kyrgyz-Turkish «Manas» University, Bishkek, KR, master student. Omurzak uulu Emil, Kyrgyz-Turkish «Manas» University, Bishkek, KR, acting associate professor.
Pdf версиясы
DOI
  • 10.26104/NNTIK.2023.81.62.011
  • Цитаталоо
  • Равшанбекова М.Р., Омурзак уулу Э. ПОЛУЧЕНИЕ БИОПЛАСТИКА, СОДЕРЖАЩЕГО НАНОЧАСТИЦЫ И ИЗУЧЕНИЕ ЕГО АНТИБАКТЕРИАЛЬНЫХ СВОЙСТВ. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2023. №. 8. C. 62-68