Басма

Токторалиев Биймырза Айтиевич

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору. Биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, КРнын илимдеринин ардактуу кызматкери, КРнын биология жана химия илимдери боюнча Жогорку аттестациялык комиссиясынын Эксперттик кеңешинин мүчөсү. КРнын билим жана илимдин өнүгшүнө сиңирген эмгеги үчүн 2007-жылы профессор Б.А.Токторалиевге «КРнын илимдеринин ардактуу кызматкери» наамы ыйгарылган. Бир нече жолу МинВУЗ СССРнин жана КРнын МинВУЗнун, КРнын Билим жана Илим Министрлигинин, КРнын Экология жана Өткөөл кырдаалдар Министрлигинин, КРнын токой кызматынын, КРнын УИАнын Президиумунун жана КРнын УИАнын, Ош жана Жалалабат областтарынын мамлекеттик администрациясынын ардактуу грамоталары менен сыйланган. КРнын билим берүүсүнүн отличниги, ОМПИнун жана БатМУнун ардактуу профессору. Б.А.Токторалиевге Америкалык Библиографиялык Институту тарабынын «2004-жылдын адамы»деген наам берилген жана «2004-жылдын сейрек жетишкендиктери» алтын медалы менен сыйланган.

Жапаров Дурболон Сыдыкбаевич

Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана Искусство Университетинин Социалдык-гуманитардык кафедрасынын профессору. Отуз жылдан ашык басмакана тармагында иштейт. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмаканаларында башкы редактор, чарба иштери боюнча директордун орун басары болуп иштегем. Басмаканалардын редакторлору менен бирдикте мектеп окуу китептерин түзүү боюнча Тематикалык пландарды түзгөм. 1993-96-жылдары СССРдин ыдырашынан кийин «Илим жана жаны технологиялар» жана «Жогорку окуу жайларынын жарчысы» журналдарын негиздегем. Бул журналдардын толук кандуу илимий журналдар катары түзүлүүсүнө коп убакыт талап кылынган. Азыркы учурда республикада бул журналдардын илимий аркыкчылыгы өтө чоң, жылына 12 жолу чыгат.

Жумалиева Чолпон Кадырбековна

2004-жылдан бери басмаканада иштейм, ошол эле убакта Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Коомдук гуманитардык кафедрасынын» доценти болуп иштейм. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин «Саясий укуктук кафедрасынын» атаандашымын. Жалпысынын алганда басмаканадагы менин ишим ар бир журналды түзүү болуп эсептелет, ошол себептен мен кол жазмалардын авторлору, редакторлор жана башка кызматкерлер менен тыгыз байланышта болуп турам. Өзүмдүн ишимди так аткарам, анткени журналдар илимий болгондуктан көп көңүлдү талап кылат.Өзүмдүн бош убактымда жаңылыктарды жана тарыхый фильмдерди көрөм, көркөм чыгармаларды окуйм, жана дагы өзүмдүн үй-бүлөөмө таттуу тамактарды жазап бергенди жакшы көрөм.

Керимбаева Жаныл

2003-жылдан бери компьютердик цехтин башчысы болуп иштейм. Менин жумушум төмөндөгүдөй: компьютердик цехтин ишин көзөмөлдөө, техникалык кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө, квалификациялык сапатты жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү жана кол жазмаларды басмага киргизүү. Ошондой эле илимий журналдар менен окуу китептеринин мукабаларын басып чыгаруу жана окуу китептерин түзүүдө дизайнердик иштерди аткарам.