Жаңы саны

2023, №: 4

Кененирээк

Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана

Журнал жөнүндө

“Кыргызстанда илим, жаңы технологиялар жана инновациялар” (кыскартылган аталышы: "КИЖТИ") илимий рецензияланган журналы 1993-жылы негизделген жана жарыяланып келет.
Диссертациялык изилдөөлөрдүн негизги натыйжаларын жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын ЖАКы тарабынан атайын журнал катары сунушталган “Кыргызстанда илим, жаңы технологиялар жана инновациялар” илимий журналы дүйнөлүк экономикага өтүүдө индустриядан кийинки баскычын өнүктүрүү жана илимий-технологиялык прогресстин фонунда ааламдашуу процессинин заманбап өнүгүү этабын эске алуу менен түзүлдү.
Түзүүчү: «Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын коомдук академиясы».
“КИЖТИ” илимий рецензияланган журналына жеке демилгечи же кызматтык тапшырмалардын алкагында жетектөөчү илимий изилдөөлөр, илимий мекемелердин окумуштуулары, билим берүү уюмдарынын жогорку билим берүүчү жана жарандары тарабынан аткарылган ачык илимий изилдөө натыйжалары жарыяланат.
Бастырып чыгаруучу: ЖЧК “Илимий журналдардын жана балдар көркөм адабияты басмасы”
Башкы редактор: КР УИАнын академиги Токторалиев Б.А.
Журнал илимдин кандидаты жана доктору окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктары жарыяланышы керек болгон ЖАКтын басылмаларынын жана алдыңкы илимий рецензияланган журналдардын тизмесине киргизилген.
Журнал негизинен техникалык жана табигый илимдер боюнча жазылган макалаларды кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жарыялайт:
Физика. Математика. Кибернетика. Геофизика. Тоокен иши. Биотехнология. Нанотехнология. Механика. Транспорт. Химия. Астрономия. Геология. Электр техника. Геодезия. Картография, Химиялык технологиясы. Химиялык өнөр жайы. Метрология. Энергетика. Машина жасоо. Автоматика. Эсептөө техникасы. География. Биология. Металлургия. Информатика. Прибор иштеп чыгаруу. Архитектура. Массалык коммуникация. Массалык маалымдоо каражаттары. Айрым өлкөлөрдү жана региондорду комплекстүү изилдөө. Электроника. Радиотехника. Айлана-чөйрөнү коргоо. Адам экологиясы. Медицина.
Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде №577-3301-У-е 26-март 1996-жылы катталган (Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк ГПЮ сериясы №150408-3301-ОО 3-ноябрь 2015-ж.).
Кыргызстанда илим, жаңы технологиялар жана инновациялар (кыскартылган аталышы: "КИЖТИ"). Каттоо жөнүндө күбөлүк ПСМИ №2109 11.01.2016-ж.
Журнал Илимий цитаталоо россиялык индексинде катталган (РИНЦ) (лицензиялык келишим №001-01/2015, 12.01.2015).
Журналдын Импакт-фактору бар (0,083) – илимий журналдын формалдуу сандык көрсөткүчүнүн өтө маанилүүлүгү.
Журналдын эл аралык классификатору бар ISSN 1694-7649 жана рецензияланган мезгилдүү басылма болуп эсептелет.
Журналдын DOI (CrossRef) технологиясынын негизиндеги илимий-маалыматтык материалдардын эл аралык реестри бар.
Журналга россиялык жана чет элдик авторлордун макалалары жарыяланат. Анын беттеринде: илимий талкуу, конференциялар, семинарлар, "тегерек столдор" ж.б. илимий турмуш окуялары чагылдырылат:
Журналдын чыгуу мезгилдүүлүгү: жылына он эки чыгарылыш (ай сайын). Азыркы учурда "Кыргызстанда илим, жаңы технологиялар жана инновациялар" журналы төмөнкү электрондук китепкана системаларында жана маалымат базаларында индекстештирилет: РИНЦ, ЖАК, КИНЦ, DOAJ.
Журнал ачык жеткиликтүү саясатын карманат: eLIBRARY, science-journal.kg
Журналдын максаттары жана милдеттери Ата Мекендик изилдөөлөрдүн илимий натыйжаларын дүйнөлүк илимий коомчулукка таанытуу; табигый, техникалык жана технологиялык илимдер боюнча чет өлкөлүк окумуштууларды тартуу жолу менен эл аралык илимий мейкиндикти түзүү болуп эсептелет. Интернет-журналга бардык илимий багыт боюнча жазылган макалалар киргизилет.
Журналга мурда башка мезгилдүү басылмаларда кыргыз, орус, казак, түрк жана англис тилдеринде жарыяланбаган, оригинал гана макалалар жарыяланат.
Макаланын үстүндө иштөө убагында, редакция “Aвторлорго” бөлүмүн сунуштайт. Бул жерде жарыялоого бериле турган макаланын кандайча кызыктуу жана маанилүү даярдалышы керек экендигин түшүндүрүп беришет.