Жаңы саны

2024, №: 3

Кененирээк

Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана

Макала
Авторлор
  1. Сакбаева З.И.
  2. Сакбаева З.И.
  3. Z. Sakbaeva
Макаланын аты
  1. ОЦЕНКА БИОЛОГИЧЕСКОЙ ПРОДУКТИВНОСТИ ПОЧВ ВЕРТИКАЛЬНОЙ ЗОНАЛЬНОСТИ БАССЕЙНА РЕКИ КОК-АРТ ЖАЛАЛ-АБАДСКОЙ ОБЛАСТИ
  2. ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КӨК-АРТ ДАРЫЯ АЛАБЫНДАГЫ ВЕРТИКАЛДЫК ЗОНАЛДУУЛУК БОЮНЧА ЖАЙГАШКАН ТОПУРАКТАРДЫН БИОЛОГИЯЛЫК ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮН БААЛОО
  3. ASSESSMENT OF BIOLOGICAL PRODUCTIVITY IN SOILS OF VERTICAL ZONALITY OF THE KUKART WATERSHED OF THE JALAL-ABAD REGION
Аннотация
  1. В статье рассматриваются результаты исследования биологической продуктивности почв, расположенных по вертикальной зональности в бассейне реки Кок-Арт. Основным источником энергетического материала в почве является сезонный листопад, корневая система и поверхностная масса растений. Также с вышеуказанными условиями тесно связаны микробиологические и биохимические процессы образования органических и минеральных соединений, составляющих продуктивность почвенного слоя Кок-Артской долины. Установлено, что почвы бассейна реки Кок-Арт имеют относительно высокую фитомассу. Например, типичные темные сероземы показали урожайность 329,2 ц/га, горно-коричневые - 421,9 ц/га, горнолесные темно-коричневые - 601,6 ц/га и горнолесные темно-коричневые в лесном поясе -623,7 ц/га. В горных почвах бассейна реки Кок-Арт накопление и распределение корневой массы доминирует в гумусово-аккумулятивном горизонте почв. В биохимических процессах почвообразования особое значение имеет обогащение почв новыми органическими веществами, на основе которых происходит ежегодное сезонное листопадение. Согласно ему, доля ежегодного опадания листьев в почве Кок-Артской долины составляет от 37,8 до 79,9 ц/га. А накопление азота и фосфора также тесно связано с запасами фитомассы.
  2. Макалада Көк-Арт дарыя алабындагы вертикалдык зоналдуулук боюнча жайгашкан топурактардын биологиялык өндүрүмдүүлүгүн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Топурактагы энергетикалык материалдын негизги булагы болуп өсүмдүктөрдүн сезондук жалбырак таштоосу, тамыр системасы жана жер үстүндөгү массасы эсептелинет. Ошондой эле, Көк-Арт өрөөнүнүн топурак катмарынын продуктулуулугун түзгөн органикалык жана минералдык бирикмелерин пайда кылган микробиологиялык жана биохимиялык процесстер да жогорудагы шарттар менен тыгыз байланышкан. Көк-Арт дарыя алабындагы топурактар салыштырмалуу жогорку фитомассага ээ экендиги аныкталган. Мисалы, тоолуу күрөң боз топурак 329,2 ц/га түшүмдүүлүктү көрсөтсө, тоолуу-кара күрөң топурак 421,9 ц/га, тоолуу-токой кара-күрөн 601,6 ц/га жана токой алкагындагы тоолуу-токой кара-күрөң топурак 623,7 ц/га түшүмдүүлүктү көрсөткөн. Көк-Арт дарыя алабындагы тоолуу топуракта тамыр массасынын топтолушу жана таркалуусу топурактын гумустукаккумулятивдик горизонтунда доминанттуулук кылат. Топурактын пайда болуусундагы биохимиялык процесстерде топурактын жаңы органикалык заттар менен байытылып туруусу, анын негизинде ар жылдык сезондук жалбырактын түшүүсү өзгөчө мааниге ээ. Ага ылайык, Көк-Арт өрөөнүндө топурактагы жылдык түшкөн жалбырактын үлүшү 37,8 до 79,9 ц/га түзөт. Ал эми азоттун, фосфордун топтолуусу да фитомассанын запасы менен тыгыз байланышта экендигин көрсөттү
  3. In the article is considered the results of a study of the biological productivity of soils located along the vertical zonality in the Kukart watershed. The main source of energy material in the soil is seasonal leaf fall, root system and surface mass of plants. Microbiological and biochemical processes of formation of organic and mineral compounds that make up the productivity of the soil layer of the Kukart valley are also closely related to the above conditions. It was found that the soils of the Kukart watershed have a relatively high phytomass. For example, typical dark gray soils showed a yield of 329.2 c/ha, mountain-brown - 421.9 c/ha, mountain-forest dark-brown-601.6 c/ha and mountain-forest darkbrown soils in the forest belt -623.7 c/ha. In the mountain soils of the Kukart watershed, the accumulation and distribution of root mass dominates the humus-accumulative horizon of soils. In the biochemical processes of soil formation, the enrichment of soils with new organic substances, on the basis of which annual seasonal leaf fall occurs, is of particular importance. According to him, the share of annual leaf falls in the soil of the Kok-Art valley ranges from 37.8 to 79.9 c/ha. And the accumulation of nitrogen and phosphorus is also closely related to the reserves of phytomass
Негизги сөздөр
  1. вертикальная зональность, биологическая продуктивность, орехоплодовые леса, фисташковые леса, пастбища, сероземные почвы, коричневые почвы, горнолесные почвы, черно-коричневые почвы.
  2. вертикалдык зоналдуулук, биологиялык өндүрүмдүүлүк, жаңгак-мөмө токойлору, мисте токойлору, жайыттар, боз топурактар, күрөн топурактар, тоолуутокой топурактар, кара-күрөн топурактар
  3. vertical zonality, biological productivity, nutfruit forests, pistachio forests, pastures, typically sierozem soils, brown and mountain-dark-brown forest soils, mountain-meadow soils, phytomass, nitrogen and phosphorus cycle.
Авторлор жөнүндө маалымат
  1. Сакбаева З.И., Жалал-Абадский государственный университет имени Б. Осмонова, г. Жалал-Абад, Кыргызская Республика, доктор биологических наук, доцент.
  2. Сакбаева Зулфия Исраиловна, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы, биология илимдеринин доктору, доцент.
  3. Z. Sakbaeva, Jalal-Abad State University by name of B. Osmonov, Jalal-Abad, Kyrgyz Republic, doctor of biological sciences, associate professor.
Pdf версиясы
DOI
  • 10.26104/NNTIK.2019.45.557
  • Цитаталоо
  • Сакбаева З.И. ОЦЕНКА БИОЛОГИЧЕСКОЙ ПРОДУКТИВНОСТИ ПОЧВ ВЕРТИКАЛЬНОЙ ЗОНАЛЬНОСТИ БАССЕЙНА РЕКИ КОК-АРТ ЖАЛАЛ-АБАДСКОЙ ОБЛАСТИ. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2022. №. 1. C. 111-115